«Манас»: аткаминерлер буйрутма чартердик рейстер менен чет мамлекеттерге чыгып жатат деген маалымат жалган

13.07.2020, 13:30 Акчабар
«Манас»: аткаминерлер буйрутма чартердик рейстер менен чет мамлекеттерге чыгып жатат деген маалымат жалган

Социалдык тармактарда аткаминерлер атайын буйрутма менен чартердик рейстерди алып, чет мамлекеттерге чыгып жатат деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту билдирди.

Эпидемиологиялык кырдаал начарлаганга байланыштуу, «Манас» эл арадык аэропорту чет мамлекеттер менен атайын буйрутмалар аркылуу санитардык чартердик рейстерди аткарууда. Аталган рейстер медициналык эвакуация, жүргүнчүлөрдүн өтүнүчү менен жана камсыздандыруучу учурлар болгон учурларда аткарылууда.

«Аталган рейстер менен чет элдик дипломатиялык кызматтарынын өкүлдөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик ишкерлер колдонууда. Ал рейстер менен Кыргызстандын жарандары колдонгонбогондугун маалымдайбыз»,-деп белгилейт ишкана.

Ошондой эле, «Манас» эл аралык аэропортторунун чартердик рейстери учуулардын саны кыскаргандыгына байланыштуу өз өлкөлөрүнө учуп кете албай калган жарандар үчүн уюштурулууда.

«Манас эл аралык аэропорту» чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоону суранат. Эпидемиологиялык кырдаалдын шарттарында «Манас эл аралык аэропорту» кызматкерлердин жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо менен үзгүлтүксүз иш алып барууда».

Тэги: Аэропорт «Манас» чартердик рейс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть