Манас РЭТнин кызматкерлери мамлекетке 1,4 млн сом зыян келтиргени аныкталды

17.03.2022, 14:57 Акчабар
Манас РЭТнин кызматкерлери мамлекетке 1,4 млн сом зыян келтиргени аныкталды

Манас РЭТ мекемесинин жооптуу кызматкерлеринин коррупциялык аракеттери аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Манас райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган мекеменин жооптуу кызмат адамдары өзүнүн тескөө жана башкаруу укуктарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, мамлекетке 1 млн 407 миң 523,08 сом зыян келтиришкендиги тастыкталды.

“Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренеси “Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Чыгыш электр”, “Жалалабадэлектро”, “Түндүк электр” жана “Ошэлектр” ишканаларынын жооптуу кызматкерлери ири көлөмдөгү карыздарды карызды мыйзамсыз түрдө кечкендиги аныкталып, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тэги: Манас РЭТ коррупция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть