Медициналык багыт боюнча кошумча 90 гранттык орун бөлүндү

21.08.2020, 13:05 Акчабар
Медициналык багыт боюнча кошумча 90 гранттык орун бөлүндү

Билим берүү жана илим министрлиги өкмөттүн 2020-жылдын 20-августундагы №429 токтомуна ылайык, медициналык багыт боюнча билим алуучулар үчүн кошумча 90 гранттык орун бөлдү. Токтом пандемия шартындагы медициналык адистиктерге болгон муктаждыкты эске алуу менен кабыл алынды. Бул тууралуу онлайн брифингдин жүрүшүндө билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымдады.

Анын айтымында, президент Сооронбай Жээнбеков волонтердук кыймылдардын лидерлери жана активисттери менен жолугушуусунун кийин, министрликке эпидемиолог, инфекционист, вирусолог жана реаниматолог медициналык адистиктери боюнча кошумча гранттык орундарды кароо тапшырмасын берген.

90 гранттык орун:

  • «Дарылоо иши» адистиги – 70
  • «Медициналык-профилактикалык иш» адистиги – 20

Гранттык орундар бөлүнгөн ЖОЖдор:

  • Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы. «Дарылоо иши» адистиги – 25, «Медициналык-профилактикалык иш» адистиги – 10.
  • Кыргыз-Россия славян университети. «Дарылоо иши» адистиги – 20.
  • Ош мамлекеттик университети. «Дарылоо иши» адистиги – 25, «Медициналык-профилактикалык иш» адистиги – 10.

Кошумча гранттык орундар төмөнкү адистиктерге бөлүндү: эпидемиолог, инфекционист, пульмонолог, вирусолог, реаниматолог. Бул студенттер бакалаврды аяктаган соң жогорудагы багыт боюна ординатурада окуусун улантышы керек.

Кошумча гранттык орундарга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн өтчү кошумча тур 22-августтан 26-августка чейин болот: 22-27-август, саат 14-00гө чейин талондорду каттоо, ал эми 28-29-август, саат 17-00гө чейин абитуриенттердин ЖОЖго кабыл алууну каалоосун тастыктоосу керек.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg сайтында катталышы керек.

Тэги: билим берүү медициналык багыт билим алуучулар гранттык орун пандемия шарты брифинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть