Медиктердин айлык акысы 50%га жогорулады

04.04.2022, 14:07 Акчабар
Медиктердин айлык акысы 50%га жогорулады

Саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлеринин эмгек акы фондусу орто эсеп менен 50 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин республикалык жыйынында президент Садыр Жапаров билдирди.

“Бул жерде — “айлык акылар категориялар үчүн төлөнчү төлөмдөрдү алып салуунун эсебинен жогорулатылат” деген кептердин баары чындыкка коошпостугун дароо эле айтып кетейин. Биз категориялар үчүн төлөмдөрдү сактап, калтырабыз! Маселен, Сузак районунун № 15 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобундагы 32 жылдык стажы бар үй-бүлөлүк дарыгер мурда 17 500 сом алып келген болсо, мындан ары ал 25 718 сом ала баштайт. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын 14 жылдык стажы бар медайымы — медсестра 1-апрелге чейин 11 миң сом алса, ушул айдан тарта 17 миң 248 сом ала баштайт”,- деди Жапаров.

Мамлекет башчысы медицина кызматкерлеринин айлык акысын талаптагыдай деңгээлге көтөрүлө электигин белгилеп, келечекте дарыгерлер көп айлык акы алышы керек деп ойлой тургандыгын айтты.

“Бул жерде суроо туулат — мындай кирешени эмненин эсебинен камсыздоо керек: мамлекеттин эсебиненби, медициналык камсыздандыруунун эсебиненби же жеке практиканын эсебиненби, же болбосо жогоруда айтылгандарды кандайдыр бир айкалыштыруу жолу мененби? Учурда бүтүндөй бир чоң команда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун системасын реформалоонун үстүндө иштеп жатат. Биз бул иштин натыйжасында медицина кызматкерлерине эмгек акы төлөө боюнча ачык-айкын жана татыктуу системаны калыптандыруу үчүн чечкиндүү чаралар көрүлөт деп турабыз”,- деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Тэги: Саламаттыкты сактоо тармагы айлык акы медицина кызматкерлери

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть