MegaCom компаниясы Кыргызстан боюнча тармагын кеңейтүүнү активдүү улантууда. 2021-жылдын январь айында жасалган техникалык жумуштардын натыйжасында байланыштын сапаты жакшырып, 2G/3G/4G тармактарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү алты облуста жана өлкөнүн борборунда өстү.
Баткен, Бишкек, Жалал-Абад, Кант, Кара-Балта, Кара-Суу, Ош, Токмок, Өзгөн шаарларында, шаар тибине кирген Кемин жана Миң-Кушта базалык станциялардын модернизацияланышы 4G өткөрмө жөндөмдүүлүгүн олуттуу жакшыртты.
Төмөндөгү айылдарда дагы байланыштын жана төртүнчү муундагы мобилдик интернеттин сапаты көтөрүлдү:
Базалык станцияларды мыктылоо боюнча жүргөн иштердин натыйжасында Бишкек, Жалал-Абад, Кара-Суу, Ош шаарларында жана айылдарда 3G-сигналы жакшыртылды.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Беловодск айылында 2G тармагынын базалык станциялары модернизацияланды.
Кошумча жабдыкты эксплуатацияга киргизүү менен MegaCom’дун Талас облусундагы Ак-Дөбө, Бакыян, Жон-Коргон, Кызыл-Сай айылындагы, Чүйдүн Кызыл-Аскер айылындагы абоненттери 4G байланышына жетки алышты.
3G стандартындагы жаңы базалык станциялар Баткен облусунун Баткен, Кадамжай, Ош облусунун Араван, Ноокат, Өзгөн райондорунда орнотулду.
Интернет жана байланыш тармагы жайылтылган аймактар тууралуу маалыматтарды Тармакты жайылтуунун интерактивдүү картасынын жардамында онлайн-режимде билсе болот. Ал аркылуу жакынкы базалык станциянын сигналынын деңгээлин байкоого, 2G, 3G жана ыкчам иштеген 4G тармактары тууралуу дароо маалымат алууга мүмкүнчүлүк бар.