MegaCom: ӨКМ кызматкерлери акысыз байланыш менен камсыздалды

03.04.2020, 18:00 Акчабар
MegaCom: ӨКМ кызматкерлери акысыз байланыш менен камсыздалды

Учурдагы кырдаал бардык республикалык мамлекеттик кызматтардын ишине таасирин тийгизбей койгон жок. Алардын үзгүлтүксүз иш алып баруусунө көмөктөшүү − MegaCom компаниясынын көңүл борборундагы маселе. Жагдайды эске алуу менен, «Альфа Телеком» ЖАК тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерин акысыз байланыш жана Интернет менен камсыздоо чечими кабыл алынды.

«MegaCom социалдык жооптуу компания катары, коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн болгон күч-аракетин жумшап жаткан ӨКМ кызматкерлерине колдоо көрсөтүүнү өз милдети деп эсептейт. Уюлдук оператор түйшүктүү кесипти аркалаган ӨКМ кызматкерлерин акысыз байланыш менен камсыздоо чечимин кабыл алды. Бул, албетте, алардын кыргызстандыктарга ыкчам жардам көрсөтүүсүнө өбөлгө болот», − деп белгилешет «Альфа Телеком» ЖАКтын өкүлдөрү.

Эсиңиздерге сала кетсек, MegaCom буга чейин республикабыздын медициналык мекемелеринин, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча штабынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын медициналык кызматкерлерине #Суперыңгайлуу 345 тарифине кошулган SIM-карталарды бөлүп берип, аларды акысыз мобилдик байланыш жана интернет менен камсыз кылган.

Тэги: MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть