MegaCom «акылдуу түзмөктөр» үчүн универсалдуу тарифти ишке киргизет

16.04.2021, 17:26 Партнерский материал
MegaCom «акылдуу түзмөктөр» үчүн универсалдуу тарифти ишке киргизет

MegaCom компаниясы жеке абоненттер үчүн сигнализациянын бардык түрлөрү, коопсуздукту билгизүүчү, эсептегич, багытоочулар, GPS-модулдар жана башка бардык акылдуу түзмөктөр үчүн колдонууга ыңгайлуу «Акылдуу түзмөктөр» тарифтик планын ишке киргизгенин кубануу менен кабарлайт.

«Акылдуу түзмөктөр» тарифтик планынын алкагында кошуп алуу үчүн 30, 90 жана360 суткалык топтомдор жеткиликтүү.

«Акылдуу түзмөктөр» тарифтик планына кошулган модулдарды колдонуунун шарттарына ылайык, MegaCom абоненттерге атайын даярдалган бышык, термо-SIM-карталарды сатып алууну сунуштайт. Бул SIM-карталар катаал климаттык шартта колдонууга ыңгайлашып, сапаттуу байланыш менен туруктуу камсыздоо максатында даярдалган:

  • -50 °Сден +105 °С температурада;
  • жогорку нымдуу шартта;
  • чаңда же 5 Гцдан 500 Гц вибрацияда;
  • электростаттык разряддан корголгон;
  • дат басуудан сактоочу касиети бар.

Термо-SIM-картанын баасы бардык салыктарды эсепке алганда 100 сом.

«Акылдуу түзмөктөр» тарифтик планына Кыргыз Республикасындагы MegaCom'дун бардык Сатуу жана тейлөө борборлорунан кошулууга болот.

Балансты, интернет-трафиктин, мүнөттөрдүн жана SMS калдыктарын көзөмөлдөө, PIN-2 кодун (SIM-картанын кабыгында көрсөтүлгөн) киргизүү MEGA24 тиркемеси аркылуу ишке ашырылат (тиркеме App Store жана Google Play'ден жүктөп алууга жеткиликтүү).

Тарификациянын шарттары тууралуу толугураак MegaCom'дун расмий сайтында.

Тэги: MegaCom тарифтик баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть