MegaCom Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын 9-май майрамы менен куттуктады

07.05.2020, 17:13 Акчабар
MegaCom Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын 9-май майрамы менен куттуктады

Салтка айланып калгандай эле, 9-майга карата MegaCom компаниясы «Улуу Жеңиш» акциясын уюштуруп, аталган иш-чаранын алкагында 1941-1945-жылдарда фашисттик баскынчылар менен жан аябай салгылашкан жоокерлерибизге – бүгүнкү саамайларын ак бубак баскан ардагерлерибизге материалдык жардам көрсөттү.

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын утурлай MegaCom компаниясынын демилгеси менен 5-майдан 7-майга чейин өткөрүлгөн акциянын жүрүшүндө республика боюнча аймактык бөлүмдөрүбүздүн жетекчилери 234 ардагер менен жолукту. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана катышуучуларына, концлагерлердин туткундарына жана Ленинград курчоосун башынан кечирген мекендештерибизге материалдык колдоо көрсөтүлүп, майрамдык маанай тартууланды.

Ардагерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Социалдык камсыз кылуу департаменти тарабынан берилди.

Материалдык жардамдан тышкары MegaCom компаниясы ар бир ардагерге таттуу белектер, Улуу Жеңиштин символу болгон гүлдесте жана MegaCom компаниясынын атынан кайрылуу каты тапшырылды. Катта 1941-1945-жылдардагы согуш алааматында душмандарга каршы туруп, жеңиш менен кайтып келген ардагерлерибизге ыраазычылык сөздөрү жазылган. Кашык каны калганча салгылашып курман болгон, бизге бүгүнкү көз карандысыз, бактылуу турмуштун пайдубалын түптөп берип, бейпил жашоо, ачык асман тартуулаган баатырларыбыздын эрдиктери эскерилген.

«Тилекке каршы, ардагерлерибиздин катары суюлуп барат. MegaCom мобилдик оператору Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин, Ленинград курчоосунда калгандарды, оорук эмгекчилерин жана концлагерлердин туткундарын Жеңиш күнү менен куттуктоону өзүнун ыйык парзы катары эсептейт.MegaCom эли-жери үчүн кан майданда курман болгон баатырлардын элестерин эстен чыгарбайт жана айыгышкан кармаштан жеңиш менен кайткан мекендештеринин эрдиктерин жогору баалайт. Акыркы 10 жыл ичинде компания Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жана оорукта эмгектенген ардагерлерибиз үчүн майрамдык концерттерди уюштуруп келген эле. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, карантин эрежелерин сактоо менен, биз ардагерлерге жолугуп, алардын эскерүүлөрүнө күбө болуп, ар бирине майрамдык маанай тартуулоону чечтик»,- деп белгилей кетти «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Акылбек Жамангулов.

Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын эрдиктерин дагы бир ирет даңазалоо максатында, Улуу Жеңиш майрамынын урматынаMegaCom компаниясы өз архивинде сакталып турган видеороликтерден үзүндүлөрдү − Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен болгон маектерди даярдады. Аларды көргөн ар бир мекендешибиз тарых барактарына үңүлүп, апаат жылдарды эскерип, аталарыбыздын эрдигине таазим кыла тургандыгы шексиз. Видеороликтер телеканалдар жана Интернет аркылуу көрсөтүлүп турмакчы.

Тэги: MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть