MegaCom компаниясы программалоо мектебинин угуучуларын кабыл алууну жарыялайт. Курстарга программалоонун негиздерин башынан баштап үйрөнүүнү каалагандар, өлкөнүн ЖОЖдорунда билим алып, бирок билимин практика менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүгү жок студенттер, ошондой эле кошумча билим алып жана программалоонун жаңы тилдерине карай квалификациясын жогорулатууну каалаган IT-адистер чакырылат.
Программалоо курстары тууралуу кененирээк билүү, курстарда сабак берүүчүлөр жөнүндө жана окуу үчүн билдирме калтыруу боюнча маалыматтарды долбоордун расмий сайты itschool.megacom.kg аркылуу алсаңыздар болот. Ошондой эле кошумча маалымат алуу, курстарга жазылуу үчүн 0999 999440 номерине байланышыңыздар.
Биздин курстардын темалары:
JavaScript. FrontEnd
Окутуу баасы айына 8000. Окутуу курсунун узактыгы – 9 ай.
Java
Окутуу баасы айына 8000. Окутуу курсунун узактыгы – 9 ай.
SQL
Окутуу баасы айына 6000. Окутуу курсунун узактыгы – 2 ай.
«IT Мектеп» долбоорунун өзгөчө шыктуу угуучуларына компаниянын Microsoft, Google, ZTE, Huawei сыяктуу өнөктөш мекеме-уюмдарда такшалмадан өтүү мүмкүнчүлүгү да каралган. Дүйнөгө аты таанылган компаниялар келечектеги IT-адистердин суроолору боюнча кеп-кеңештерин берип турушмакчы. Такшалмадан өтүүнүн жыйынтыгы менен мыкты бүтүрүүчүлөргө MegaCom компаниясына жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү түзүлмөкчү.
Бардык каалоочуларды күтөбүз!