MegaCom’дун MegaDrive акциясына катыш да, мыкты байгелерге ээ бол

17.06.2020, 09:15 Акчабар
MegaCom’дун MegaDrive акциясына катыш да, мыкты байгелерге ээ бол

Эми жол эрежелерин бузбаган айдоочулар түрдүү байгелерге ээ болот. MegaCom компаниясы бул жолу жол кырсыктарын болтурбоого салым кошууну демилгеледи. Тагыраагы, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын колдоосу менен Mega24 тиркемесинде MegaDrive акциясын ишке киргизди.

Бул акция бүгүнкү күндөн − 16-июндан башталып ушул жылдын 15-октябрына чейин уланат. Анын алкагында, акциянын жол эрежелерин бузбаган катышуучуларына компания жана анын өнөктөштөрү тарабынан түрдүү белектер тартууланат. MegaCom социалдык-жоопкерчиликтүү компания катары MegaDrive акциясын «Коопсуз шаар» долбоорун колдоого, өлкөдөгү унаа жолдордогу коопсуздукту сактоого, жол кырсыктарынын азайышына жана айдоочуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоого шык берүүгө багыттаган.

Бүгүн, 16-июнда MegaCom'дун башкы кеңсесинде бул акциянын алкагында кызматташуу боюнча меморандумга «Альфа Телекомдун» башкы директору Акылбек Жамангулов менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов кол коюшту.

Акцияга катышуу үчүн эмне кылуу керек?

  • Mega24 тиркемесин орнот же жаңыла (Google Play же App Store'дон жүктөсө болот)
  • «Акция» бөлүмүндөгү «MegaDrive акциясына каттал,
  • Акциянын шарттарында каралган тапшырмаларды аткар,
  • «Изумруд уюкчаларын» топтоп, аны гигабайттарга, акысыз сүйлөшүү мүнөттөрүнө, MegaCom'дун жана анын өнөктөштөрүнүн баалуу байгелерине алмаштырууга болот (эсептелген уюкчалардын саны айдоочу аткарган тапшырмаларга жараша болот).

Акциянын шарттары жөнүндө:

«Изумруд уюкчалары» «Коопсуз шаар» системасында эреже бузулбаган ар бир күнгө эсептелинет (күн сайын тиркемеге кирип, сыйлыкты алууга болот). Автосүйүүчүлөргө плакаттардагы, наклейкалардагы QR-коддорду табуу жана сканерлөө, дагы башка кызыктуу тапшырмалар берилип турат. Бул тапшырмаларды аткарган айдоочуларга бонустук уюкчалар (соталар) берилет.

Акцияга катышып «Изумруд соталарын» байгелерге алмаштыр, андагы тизмелер менен Mega24 тиркемесиндеги «MegaDrive акциясы» бөлүмүндөгү «Байгелер дүкөнү» баракчасынан таанышсаңыз болот.

Мындан тышкары MegaCom'дун абоненттеринин өнөктөштөрдөн байгелерди утуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларында өткөн иш-чараларга катышууга да болот. Анда дөңгөлөктөр, унаа майлары, жана да унаанын салонун жасалгалоо, автохимиялык тазалоо, унааны жуудуруу, диагностика кызматы жана башка кызмат көрсөтүүлөр каралган.

Акциянын өнөктөштөрү:

· «Троян плюс» соода үйү;

· «НСК» камсыздандыруу компаниясы;

· «Авторадио»;

· «Автогид» гезити;

· «Планета шин» дүкөнү;

· Blesk Detailing унаа жуучу жайы;

· AvtoInstall автроэлектроника дүкөнү;

· Autogas Centre Бишкек.

Тэги: MegaCom MegaDrive акция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть