MegaCom жана «Санат» телеканалы менен бирге онлайн билим алыңыз

21.04.2020, 11:00 Акчабар
MegaCom жана «Санат» телеканалы менен бирге онлайн билим алыңыз

MegaCom компаниясы MEGA24 тиркемесиндеги «Мектеп» бөлүмүнүн билим берүү контентинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө басым жасап келет. Уюлдук оператордун бул багыттагы негизги милдети − аралыктан окутуунун жеткиликтүүлүгүн, ыңгайлуулугун жана мобилдүүлүгүн арттыруу.

Буга чейин «Альфа Телеком» ЖАК жана «Санат» телеканалы MEGA24 тиркемесинде (Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алууга болот) телекомпаниянын уникалдуу билим берүүчү видео-контентин колдонуу укугун MegaCom компаниясына берүү тууралуу эксклюзивдүү келишимге кол койгон эле.

Эми MegaCom абоненттерине бардык так илимдер (физика, химия, география, математика, алгебра, геометрия, биология жана башкалар) боюнча 5-11-класстардын окуучулары үчүн «Санат» телеканалы тарабынан даярдалган видео-сабактарды акысыз көрүү мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болуп калды.

Эсиңиздерге сала кетсек, MegaCom компаниясынын ар бир абоненти MEGA24 тиркемесиндеги «Мектеп» бөлүмүнүн билим берүү контентин акысыз колдоно алат! Тиркемеде КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү сайттарынын материалдары (oku.edu.gov.kg, lib.kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg, ibilim.kg) жана MegaCom компаниясы тарабынан топтолгон аралыктан окутуу үчүн зарыл болгон контент ( видео-сабактар, электрондук китептер жана билим алуу мүнөзүндөгү башка материалдар) жайгаштырылган. Мындан тышкары, Кыргызстандын мектеп окуучуларын онлайн-окутууну ишке ашырып жаткан төмөнкү телеканалдарды акысыз көрүүгө болот:

  • "ЭлТР";
  • "Пирамида";
  • "5-канал";
  • "Баластан";
  • "Илим Билим".

Сиздин билимиңиз – ийгиликтүү келечектин кепилдиги!

Тэги: MEGA24  Мегаком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть