MegaCom саясий партиялардын атынан чагымчыл билдирүүлөрдү жөнөтүү фактысын четке кагат

01.10.2020, 18:50 Акчабар
MegaCom саясий партиялардын атынан чагымчыл билдирүүлөрдү жөнөтүү фактысын четке кагат

«Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom уюлдук оператору) айрым партиялардын жана адамдардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтире турган саясий партиялардын атынан жөнөтүлгөн чагымчыл билдирүүлөрүнө катыштыгы жок экендигин расмий түрдө билдирет.

Компаниянын техникалык адистеринин маалыматтарына ылайык, MegaCom түйүнү аркылуу таратылган делген чагымчыл SMS -билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан эл аралык компания тарабынан, оператордун тармактарында катталбаган номерден ондогон абоненттерге жөнөтүлгөн. Мындай SMS-билдирүүлөр көбүнчө жөнөтүүчүнүн атын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берген атайын тиркемелердин жардамы менен ишке ашырылат.

Бул «Альфа Телеком» ЖАКтын аброюн түшүрүүгө кызыкдар адамдардын жана компаниялардын чагымчылык аракеттери болушу мүмкүн.

MegaCom уюлдук операторуна эч кандай саясий партиялардан SMS-билдирүүлөрүн жөнөтүү боюнча табыштама түшпөгөндүгүн баса белгилей кетебиз. «Альфа Телеком» жабык акционердик коому жана абоненттерине тейлөө кызматтарын көрсөтүүдө этикалык нормаларды сактайт.

Тэги: MegaCom Альфа Телеком уюлдук оператору

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть