MegaCom компаниясы Жалал-Абад шаарында жана Бүргөндү айылында жаңы Сатуу жана тейлөө борборлорунун ачылганын кубануу менен маалымдайт! Бул маанилүү иш-чаранын урматына уюлдук оператор майрамдык акция жарыялайт.
Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү №57 дарегинде жана Бүргөндү айылынын Маданият көчөсүндө жайгашкан жаңы кеңселерге кайрылган абоненттерге «Күмүш», «Алтын» жана«Платина» категориясындагы номерлерге 80 пайыздан 100 пайызга чейинки арзандатуулар болот. Болгону бир шарт менен – «Интернет» жана «Чалуулар» тарифтик планынын 28 күндүк топтомдорунун бирине кошулуу керек.
Арзандатууга кантип ээ болсо болот?
Муну менен эле баары бүтпөйт! Жогоруда аталган тарифтик топтомдорго кошулган SIM-карталардан 2 же андан көптү сатып алган учурда абоненттерге MegaCom компаниясынан азембелектер берилет.
Акция 2021-жылдын 1-июлунан баштап 10-июлуна чейин уланат.
«Интернет» жана «Чалуулар» тарифтик планына кошулуу шарттары тууралуу кененирээк маалыматты MegaCom компаниясынын расмий сайтынан окуңуз.