Оштогу Бирдиктүү депозиттин эсебинен курулуп жаткан мектеп жыл аягында бүткөрүлөт

02.02.2020, 09:00 Акчабар
Оштогу Бирдиктүү депозиттин эсебинен курулуп жаткан мектеп жыл аягында бүткөрүлөт

Ош шаарында Бирдиктүү депозиттик эсептен салынып жаткан мектептин курулуш иштери план боюнча жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нариманов атындагы мектепке кошумча салынып жаткан имараттын курулушу өткөн жылдын 24-декабрында башталган. Мектеп 500 окуучуга ылайыкташтырылган.

Мектептин курулушуна тендер жарыяланып, 54 млн сомдон ашык каражат сарпталары белгиленген. Курулуш иштерин 2020-жылдын IV кварталына бүтүрүү пландалган.

Депозиттик эсеп 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен түзүлүп, жемкорлордон кайтарылган каражаттар ушул эсепке которулуп турат.

Маалым болгондой, депозиттик эсептен 15 мектеп курууга каражат бөлүнгөн. Бишкек шаарына 7, Чүй облусуна 7, Ош шаарына 1 мектеп курулмакчы.

Тэги: Ош Бирдиктүү депозиттик эсеп мектеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть