Мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына жаңы кадр дайындалды

02.12.2020, 17:55 Акчабар
Мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына жаңы кадр дайындалды

Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Карынбаев Аскат Асаналиевич ротация тартибинде мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы кызматына которулду.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бош административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Кадыров Азамат Кадырович дайындалды. Ал буга чейин аталган башкармалыктын башчысы кызматын убактылуу милдетин аткарып келген.

Шаардык чарба департаментинин директору болуп Эшенбаев Нурлан Саматович дайындалды.

Тиешелүү буйрукка шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Тэги: мэрия кадр Аскат Асаналиевич Карынбаев Аскат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть