Ушул жылы милицияга каршы 31 факт боюнча кылмыш иши козголгон

16.10.2019, 09:43 Акчабар
Ушул жылы милицияга каршы 31 факт боюнча кылмыш иши козголгон

Ушул жылдын 8 ай аралыгында милиция тарабынан 4 миң ар кандай бузуулар катталган. Бул тууралуу Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча парламенттик комитеттин төрайымы Наталья Никитенко билдирди.

ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев мындай маалыматка өзү дагы нааразы экенин айтып, мойнуна алды. Ал милицияда көйгөйлөр көп экенин, айрыкча тартип жагын баса белгиледи. Анын айтымында, милицияга каршы 31 факт боюнча кылмыш иши козголгон. Ички иликтөө кызматы бул боюнча иштеп жатат.

«Министрден баштап баардыгы мыйзам алдында тең. Эгер күнөөлүү болсо, баардыгы жоопко тартылат», -деди Кашкар Жунушалиев.

Тэги: милиция кылмыш иши 31 факт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть