Министрлер кабинети 126 млрд сомдон ашуун каражатка антикризистик иш-чаралар планын бекитти

24.03.2022, 15:38 Акчабар
Министрлер кабинети 126 млрд сомдон ашуун каражатка антикризистик иш-чаралар планын бекитти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча Антикризистик комитеттин жыйынын өткөрүп, анда 2022-жылга Антикризистик чаралардын планы кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрлер кабинетинин башчысы өткөн жылы министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган жана ишке ашырылган чаралар өлкөбүздүн экономикасынын өсүү траекториясына кайтуусуга мүмкүндүк бергендигин белгиледи.

«2022-жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын реалдуу өсүү темпи 102% түздү. Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын соңунда башталган дүйнөдөгү геосаясий абалдын кескин чыңалуусу артыкчылыктуу максаттарды жана милдеттерди кайра карап чыгуу зарылдыгын шарттады. Өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту тез арада камсыз кылууга багытталган чечимдер ыкчам кабыл алынды», - деди Жапаров.

Ал ошондой эле кабыл алынган чаралардын планы дүйнөлүк экономикалык системадагы өзгөрүүлөрдөн улам келип чыккан тышкы терс факторлордун таасиринин өсүшү шартында калкка жана бизнеске мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталгандыгын белгиледи.

Социалдык жактан маанилүү товарларга баалардын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө жана аны жайгаруу үчүн товардык интервенциялар жүргүзүлөт. Ал үчүн өлкөнүн мамлекеттик материалдык резервине азык-түлүктү өз убагында сатып алуу камсыз кылынат.

Өндүрүш тармагында иш алып барган чарбакер субъекттерге колдоо көрсөтүү үчүн чет элдик валютада алынган кредиттерди улуттук валютага конвертациялоо мүмкүнчүлүгү, ошондой эле чет өлкөдөн негизги товарларды жана тамак-аш азыктарын жеткирүүчүлөрдү чет элдик валюта менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу каралууда.

“Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысы масштабдуу түрдө көтөрүлөт. Бюджеттик кызматкерлердин пенсияларын, жөлөкпулдарын жана эмгек акысын жогорулатууга 35 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт”, - деп белгиледи Жапаров.

Валюта курсунун олку-солкулугунан көз карандылыкты азайтуу үчүн соода өнөктөш өлкөлөр менен импорттук-экспорттук операциялар боюнча эсептешүүлөрдү улуттук валютада ишке ашыруу боюнча макулдашууларды түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Ата мекендик өндүрүш товарларына ички суроо-талаптын өсүшүн стимулдаштыруу боюнча чаралар көрүлөт.

Ошондой эле, өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар каралууда, алар үчүн республикалык бюджеттин айрым корголбогон беренелери боюнча чыгымдар кризиске каршы иш-чараларды каржылоого каражаттарды кайра багыттоо менен 30%га чейин оптималдаштырылат.

«Республиканын эгемендик тарыхында биринчи жолу антикризистик план каржылык ресурстар менен камсыздалып, декларативдүү мүнөздө эмес. Биз дүйнөдөгү кырдаалды өзгөртө албайбыз, бирок өлкөнү кризистен алып чыгуу үчүн реалдуу чараларды көрө алабыз. Биз эң начар сценарийге даярбыз», - деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Белгилей кетсек, Планга киргизилген чаралар 7 багытка топтолгон:

  • Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана артыкчылыктуу товарларга бааны турукташтыруу боюнча чаралар;
  • Социалдык колдоо жана иш менен камсыз кылуу чаралары;
  • Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар;
  • Ишкер субъекттерин колдоо чаралары;
  • Инвестицияларды тартуу боюнча чаралар;
  • Товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча чаралар;
  • Мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар

Бул Планды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык каражаттардын көлөмү болжол менен 126 млрд сомду түзөт.

Планда дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү, жазгы-талаа жумуштарын жүргүзүүдө дыйкандарды үрөн, жер семирткич, күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоого көмөк көрсөтүү, ирригациялык курулуштарды оңдоого жана калыбына келтирүүгө каражат бөлүү каралган.

Тэги: экономикалык чакырыктар Министрлер кабинети антикризисттик план

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть