Министрлер кабинетине караштуу координациялык кеңеш түзүлдү

16.03.2022, 09:25 Акчабар
Министрлер кабинетине караштуу координациялык кеңеш түзүлдү

Министрлер кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетининин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жалпы координациялоону жүргүзүү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландаштыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн.

Белгилесек, Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш көрсөтүлүүчү тышкы жардамды ишке ашыруунун натыйжалуулугу маселелери боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыздоочу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Кеңештин негизги милдети – өнүктүрүү максатындагы тышкы жардам көрсөтүүнү пайдалануу натыйжалуулугун жогорулатуу.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин төрагасы болуп министрлер кабинетинин төрагасы бекитилген.

Тэги: Министрлер кабинети координациялык кеңеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть