Министрлик: Президент жөлөк пул тууралуу жарлыкка кол койду деген маалымат жалган

16.03.2021, 15:30 Акчабар
Министрлик: Президент жөлөк пул тууралуу жарлыкка кол койду деген маалымат жалган

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кирешеси жок 3төн көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына 3 миң сом көлөмүндө жөлөкпул төлөө тууралуу жарлыкка кол койду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, социалдык тармактар жана WhatsApp тиркемеси аркылуу президент Садыр Жапаров кирешеси жок, 3төн көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына 3 миң сомдон жөлөк пул төлөө тууралуу жарлыкка кол койду деген маалымат активдүү тарап жатат.

«Ушуга байланыштуу министрлик жарандарды туура эмес маалыматты жайылтпоого жана коомчулукту адаштырбоого чакырат» , -деп айтылат маалыматта.

Тэги: Кыргызстан президент Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть