Кыргызстандын бажы кызматын өнүктүрүү концепциясы бекитилди, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
“Аталган документти кабыл алуу бажы кызматын модернизациялоо, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу жолу менен тышкы сооданы өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган”,- деп айтылат билдирүүдө.
Мындан улам министрлер кабинети тарабынан 2022-2024-жылдарга бажы кызматын өнүктүрүү концепциясын жана аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү чечими кабыл алынган.
Белгилей кетсек, аталган концепциясы кыска жана орто мөөнөттүү мезгилге бажы кызматын өнүктүрүүнүн жана бажылык башкарууну жакшыртуунун негизги багыттарын аныктоочу документ болуп саналат.