Мугалимдер үчүн дистанттык билим берүү боюнча онлайн окутуу башталат

24.04.2020, 15:30 Акчабар
Мугалимдер үчүн дистанттык билим берүү боюнча онлайн окутуу башталат

Кыргыз билим берүү академиясы, «Green Light» компаниясы жана Кыргыз информатик мугалимдеринин ассоциациясы мугалимдер үчүн «Дистантык билим берүү технологияларынын заманбап аянтчалары» темасында ири масштабдагы онлайн семинарларды өткөрүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, семинарда адистер онлайн программа деген эмне, сабактарды даярдоо жана өткөрүү үчүн аларды кантип колдонуу керектигин оңой жана жеткиликтүү формада түшүндүрүп беришет.

Алгачкы семинар 25-апрель күнү саат 11:00дө башталат. Анда аралыктан билим берүү технологияларынын заманбап аянтчалары жөнүндө сөз болот.

Катталуу үчүн шилтеме. Уюштуруучулар онлайн семинарга туташуу үчүн шилтемени электрондук почтаңызга жөнөтөт. Туташуу боюнча жаралган суроолор үчүн байланыш номери - 0550 998628.

Тэги: мугалим дистанттык билим берүү окуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть