Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 664 580 сомдук жүзүм чек арадан өткөрүлгөн жок

03.12.2019, 10:20 Акчабар
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан 664 580 сомдук жүзүм чек арадан өткөрүлгөн жок

ЕАЭБтин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 664 580 сомдук жүзүм Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областында Н.Ы.Ж. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 9464 килограмм жүзүм табылган.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Кармалган товардын жалпы наркы 664 580 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Тэги: мыйзамсыз товар ташылып жүзүм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть