Кыргызстандагы коммерциялык банктардын насыя портфели 162 млрд сомго жетти. Анын ичинен дээрлик 138 млрд сом - узак мөөнөткө берилген, - деп жазылат Улутттук банктын отчетунда.
Тагыраагы, 71,4 млрд сом дээрлик үч жылдык мөөнөткө, 66.5 млрд сом - 1-3 жылдык мөөнөткө берилген.
Калган 19.8 млрд сом - кыска мөөнөттүү убакытка берилген:
Ал эми убагында төлөнбөгөн насыянын көлөмү дээрлик 4.1 млрд сомду түзгөн.