14 жыл ичинде Кыргызстанга 63 млрд $ инвестиция келген

03.09.2019, 11:33 Акчабар
14 жыл ичинде Кыргызстанга 63 млрд $ инвестиция келген

Евразиялык өнүктүрүү банкы билдирген маалыматка таянсак, 2004-2018-жылдар аралыгында Кыргызстандын казынасына кредиттик, гранттык ж.б.у.с. негизде жалпы жонунан 63 млрд.$ акча каражаты келип түшкөн.

Бул сумманын ичинен 10.1млрд $ жана 15.6% акча каражаты түз инвестиция аркылуу келген.

Суммасы жагынан инвестицияны көбүрөөк бөлгөн алыскы чет мамлекеттер болуп эсептелинет. Анын ичинен, үлүштүн көлөмү жагынан Канада 32% га ээ болуп алдыңкы орунда. Экинчи орунда Орусия 12% менен, андан кийинки көп үлүштү Кытай менен Казахстан ээлейт.

2018 – жылы КР Улуттук статистика комитети билдиргендей, чет элдик инвестициялардын көлөмү жылдагыдан 2.5% өсүп, 5.4 млрд.$ түзгөн. Чет элден келген түз инвестициялар жалпы чет элдик инвестициялардын көлөмүнөн 10.6 % түзгөн.

Жалпысынан 1.9 млрд $ жана1.7 млрд $ Канада менен Орусиядан келген. Чет элден келген түз инвестиция боюнча 2018 – жылы алдыңкы орунду Кытай 43% үлүшү менен ээлеген. Орусия 21% үлүшү менен экинчи орунда. 2018-жылдан тарта бардык чет элдик мамлекеттер инвестиция берүүнүн санын кыскартышкан.

Кыргызстанга 2018-жылдын башында 46 млн $ түз инвестиция келип түшкөн. Анын ичинен эң көп сумма – Нидерландиядан - 32 млн$, Кытайдан - 17 млн$, Швейцариядан – 13 млн $ бөлүнгөн.

Евразия экономикалык комиссиянын маалыматына ылайык, чет элдик инвестициялардын кабыл алынган таза көлөмү болгону 11 млн$ түзгөн. Бул ар бир калктын санына 1.7$ дегенди билдирет. Бул жыйынтык Евразия экономикалык союздун катарындагы мамлекеттердин арасынан эң төмөн орунду ээлеп калды.

Бул боюнча «Үзгүлтүксүз коррупциялык соттук иштер, саясий кризистик абал, саясий сүйлөшүүлөрдүн алкагында жургүзүлгөн түз инвестициялар маселе жаратуу боюнча калат» – деп билдиришет Евразиялык өнүктүрүү банкынын аналитиктери.

Кыргызстан дүйнөлүк финансылык институттар менен кызматташууну уланта берет. Чет элдик түз инвестициялардан колдоо азайган учурда ВБ, МВФ, АБР, ЕБРР сыяктуу финансылык жактан колдоо институттар узакка созулган кредиттик, гранттык негизде акча каражатын бөлүп турушат. Кызматташтыктын башкы түрү - жол курууга, энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу, кредит берүү жана бюджетти колдоо болуп эсептелинет.

Тэги: чет элдик инвестиция кредит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть