Новиков: Санариптик экономиканы өнүктүрүү менен бардык тармактар өнүгөт

05.12.2020, 11:00 Акчабар
Новиков: Санариптик экономиканы өнүктүрүү менен бардык тармактар өнүгөт

Санариптик экономиканы өнүктүрүү ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин экономикалык гана эмес, социалдык жана маданий өнүгүүсүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди.

«Санариптик долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу чек араларды басып өтүп, жаңы жумушчу орундардын түзүлүшүнө жана тоскоолдуктардын алынуусуна алып келет. Санариптик технологияны өнүктүрүү жолу бирдиктүү тейлөө рыногун курууда ар кандай тоскоолдуктарды жана чектерди жоюу үчүн негиз түзөт», - деп эсептейт өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Артем Новиковдун пикиринде, Биримдиктин ички рыногундагы тейлөө секторун либералдаштыруу үстүндө ишти күчтөндүрүү зарыл.

«Санариптик күн тартип алкагында «Чек арасыз иш» долбоору иштелүүдө, ал жалпы эмгек рыногун түзүүгө, жумушчу күчтүн эркин жылуу процессин тездетүүгө жана эмгек ресурсунун мобилдүүлүгүн камсыздоого өбөлгө түзөт. Бирдиктүү тейлөө рыногун уюштуруу ишинде мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын ыраатташтыруу боюнча иш-чараларды гана жүргүзүү эмес, бирикме өлкөлөрүндөгү тейлөө көрсөтүү жана сунуштоону либералдаштыруу жана кайрадан жөнгө салуу чараларын да кабыл алуу керек», - деп жыйынтыктады Премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Тэги: Санариптик экономика ЕАЭБ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть