Новиков ишкерлер үчүн стабилдүүлүктү убада кылды

16.10.2020, 14:30 Акчабар
Новиков ишкерлер үчүн стабилдүүлүктү убада кылды

Кыргызстан уккутук талаага кайтып келүүдө. Экономика тармагы туруктуулук, кепилдик жана укуктар менен камсыз болушат. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн стабилдүүлүгүн сактоо – өкмөттүн алгачкы жасай турчу иштеринин бири.

«Жакынкы аралыкта биз кырдаалды толугу менен турукташтыра алабыз деп ойлойм. Өлкө укуктук талаага кайтып келе жатат. Бул ишкер жана инвестор үчүн байланышты кайра калыбына келтирүүгө өбөлгө түзөт», - деп билдирди Новиков.

Новиков өлкөдө легитимдүү өкмөт дайындалгандыгын, азыркы парламент өз ишин улантып жаткандыгын эске салды.

Тэги: экономика Новиков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть