Новиков: Өкмөт банк тармагын колдоого даяр

22.10.2020, 11:30 Акчабар
Новиков: Өкмөт банк тармагын колдоого даяр

Банк тармагы өлкөнүн экономикалык жигердүүлүгүн жандандырууда чоң роль ойнойт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков банк тармагынын өкүлдөрү менен жолугушкан учурда билдирди.

«Бүгүнкү күндө өлкөдө абал турукташты. Мамлекеттик органдар толук кандуу иштеп жатат. Өкмөт ишкердиктин коопсуздугун, кепилдигин жана корголушун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Финансы тармагынын мамлекеттик колдоо программаларын ишке ашыруу, бизнести жеңилдетилген насыялоо, ошондой эле банк секторундагы ликвиддүүлүктүн зарыл деңгээлин жана финансы-кредиттик мекемелердин туруктуулугун камсыз кылуу программаларын ишке ашыруунун келечегин талкуулоо биз үчүн азыр маанилүү», - деди Артем Новиков.

Биринчи вице-премьер-министр банк тармагынын, жалпы эле финансы рыногунун мындан ары иштеши жана өнүгүшү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын белгиледи.

«Анализ көрсөткөндөй, түзүлгөн кырдаал жарандардын банк тутумуна болгон ишенимин кетирген жок жана коммерциялык банктардагы депозиттик базанын ири көлөмүнүн сыртка чыккан учуру катталган жок. Менин оюм боюнча, эл Өкмөт тараптан жасалып жаткан аракеттерди көрүп турат жана кескин өзгөрүүлөр болбойт деп ишенем. Өкмөт банк тармагын колдоого даяр. Улуттук банк менен биргеликте 2020-жылдын ноябрь айынан баштап ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү программаларын калыбына келтирүү маселеси чечилүүдө. Коммерциялык банктардын жетекчилери өз кезегинде кардарларды тейлөө сапатын жогорулатуу максатында ишкерлерге насыя берүү жана санарип технологияларын жайылтуу боюнча ишти күчөтүүнү суранат элек», - деп белгиледи Биринчи вице-премьер-министр.

Артем Новиков түзүлгөн кырдаалга байланыштуу айрым ишкердик субъектилер насыяларды төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болушу мүмкүн экендигин белгилеп, банк секторунун жетекчилеринен бул маселе боюнча бизнес өкүлдөрүн түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Тэги: экономика Вице-премьер-министр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть