Өкмөт 2020-жылдын 1-октябрына чейин айып пулдан бошотушу мүмкүн

03.04.2020, 16:00 Акчабар
Өкмөт 2020-жылдын 1-октябрына чейин айып пулдан бошотушу мүмкүн

Бүгүнкү күнү КР өкмөтү коронавируска байланыштуу абалды эске алып, бизнеске жеңилдик берүүнүн ар кандай жолдорун карап жатат.

Тактап айтканда, төмөнкүлөр сунушталууда:

- юридикалык жактарды туум жана айып пулдан 2020-жылдын 1-октябрына чейин бошотуу;

- жеке ишкерлерди 2020-жылдын 1-октябрына чейин камсыздандыруу полисинен бошотуу;

- кичи жана орточо бизнестегилерге камсыздандыруу акынын тарифин 5%га арзандатуу.

Мындан тышкары, жардамдын фискалдык жана финансылык чаралары каралууда.

- текшерүү бөгөтүнүн мөөнөтүн узартуу;

- салык органындарынын ишин кыскартуу;

- салык жана социалдык карыздын мөөнөтүн узартып төлөө;

- убагында төлөнбөгөн салык санкция, туум жана салыктык милдеттерден бошотуу;

- айкын суммалар салыктын негизинде 100% төмөндөйт:

1) ыктыярдуу патент:

2) милдеттүү патент.

Колдоонун финансылык чаралары: - льготалык каржылоо; -Россия-Кыргыз өнүгүү фондунда кредиттик ресурстарга максималдуу мүмкүндүк алуу үчүн жол-жоболорду жеңилдетүү;

-ишкердиктин субъектилерине пайызсыз кредит берилген механизмди ишкерлердин айлык акысын 6 айлык мөөнөт менен төлөп берүү.

Мындан тышкары, КР Улуттук банкы кредити бар ишкерлерге жеңилдик көрсөтүү үчүн коммерциялык банктардан талаптарды азайтуу чарасын караштырууда.

Абалга байланыштуу, зайым алгандар кредит төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болсо, кредиттик тарыхы начарлабайт.

Антикризистик план макулдашуу продцедурасынан өттү, жакын арада кабыл алынат.

Тэги: Өкмөт Айып пул туум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть