Өкмөт донордук жардам катары келген каражаттар кандай сарпталгандыгын билдирди

13.07.2020, 11:50 Акчабар
Өкмөт донордук жардам катары келген каражаттар кандай сарпталгандыгын билдирди

Бюджетти колдоого жана COVID-19 илдетинин жайылышына жол бербөө максатында республиканын бюджетинен жалпы баасы 170.8 млн долларды түзгөн бир катар чыгымдардын беренлери каржыланган. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Аталган 170.8 млн доллардын

  • 89.1 млн доллары медицина, билим берүү тармагынын, укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин айлык акысына жумшалган;
  • 6.2 млн доллары медицина, билим берүү тармагынын, укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин мамлекеттик камсыздандыруу боюнча социалдык төлөмдөрүнө жумшалган;
  • 26.3 млн доллар пенсия жана пособияларды төлөөгө;
  • 22.3 млн доллар медициналык мекемелерди Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу каржылоого;
  • 2 млн доллар жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарын каржылоого;
  • 14.5 млн доллар калктын аз камсыздалган катмарына пособия катары;
  • 1.3 млн доллар медициналык товарларды жана кызматтары сатып алууга;
  • 1.3 млн доллар Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан запастарды толтуруу максатында дан алууга;
  • 1.3 млн доллар COVID-19га каршы күрөш жүргүзүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам оор кырдаалга учураган калктын катмарына азык-түлүк алууга жумшалган.
  • 148.4 млн доллар өлчөмүндөгү калган каражаттарды пандемиянын кесепеттерин жеңүү максатында колдонуу пландалууда.

Ошондой эле, маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын өкмөтү COVID-19 илдетинин жайылышына жол бербөө максатында чет элдик өлкөлөрдү өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн гуманитардык жана техникалык жардам тартуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Эл аралык өнөктөштөр менен жалпы суммасы 17.7 млн долларды түзгөн акчалай жардамын алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, аталган каражаттардын 7.9 млн долларына медициналык жана индивидуалдык коргонуу каражаттары, жабдыктары, ошондой эле сарпталуучу материалдар жана өндүрүш материалдары алынып келинди. Алынган 17.7 млн доллардын ичинен, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн үлүшүнө 13.1 млн доллар (3.7 млн долларга жардам келди), жана 4.6 млн доллар чет мамлекеттерге таандык (4.2 млн долларга жардам келди).

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть