Саламаттык сактоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөлөрүндөгү маселелерди Өкмөткө ыкчам чечүү милдеттендирилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Бүтүндөй өлкөнүн бакубат турмушу биздин аракеттерибиздин ырааттуулугуна көз каранды», - деп билдирген өкмөт башчы.
Премьер-министр тигил же бул азыктын жана дары-дармектин жоктугу боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди.
Белгилей кетсек, кырдаалдын экономикалык жана социалдык туруктуулукка тийгизген терс таасирин төмөндөтүү боюнча планына ылайык төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
- ири өндүрүүчүлөргө, азык-түлүк ташуучуларга, ири соода түйүндөрүнүн кожоюндарына социалдык маанидеги айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктүн жетиштүү запасын, алардын сатылышын жана туруктуу наркын камсыз кылуу сунуш кылуу;
- мамлекеттик резервге күнүмдүк керектелүүчү азыктардын топтомун топтоо;
- социалдык маанидеги товарлардын, дары-дармектердин, медициналык каражаттардын импорту үзгүлтүксүз өтүшү үчүн транзиттик жүк ташуу боюнча «жашыл коридорду» камсыз кылуу механизмин
ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен уюштуруу жана макулдашуу;
- азык-түлүк түрүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү жардам берүү.
Премьер-министр Өкмөт калктын социалдык-аярлуу катмары үчүн өзгөчө абал режиминин кесепети кандай болорун жакшы түшүнөрүн баса белгиледи.