Өнүктүрүү институттарынан 456,4 млн доллар жардам келиши күтүлүүдө

17.04.2020, 17:00 Акчабар
Өнүктүрүү институттарынан 456,4 млн доллар жардам келиши күтүлүүдө

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев бюджетти колдоо иретинде сырттан тартылып жаткан акча каражаттары тууралуу маалымат берди.

«Өнүктүрүү институттарынан тартылып жаткан макулдашылган жардамдын көлөмү 456,4 млн долларды түзөт. Бул макулдашылган сумма. Мындан тышкары сүйлөшүүлөр болуп жаткан долбоор жана жардамдар бар. 456 млн доллардын ичинен 31-март күнү Дүйнөлүк валюта фондунан 120 млн доллар келген. Калган 335 млн доллар боюнча макулдашуулар болуп, Өнүктүрүү институттарынын директорлор кеңеши тарабынан ар кайсы баскычта каралып жатат же биздин ички мамлекеттик процедуралардан өтүүдө. Жаңы эле белгилегендей, Дүйнөлүк валюта фондунан биринчи транш 120 млн доллар келген. Учурда Дүйнөлүк валюта фондунан 120 млн доллар өлчөмүндөгү экинчи транш боюнча да макулдашуу болду. Аны алуу шарттары жана процедуралары боюнча иштер жүрүп жатат. Алар кийинчерээк келет деп күтүп жатабыз», - деди ал.

Ал белгилегендей, Азия өнүктүрүү банкы менен 120 млн доллар жардам алуу боюнча алдын ала макулдашуу болду. Учурда ал банктын директорлор кеңешинин кароосуна чыгарылууда.

«Дүйнөлүк банктан 21 млн доллар алуу пландалуу. Анын ичинен 12 млн доллар биздин ички мамлекеттик процедуралардан, ратификациядан өтүп жатат. Мурдагы күнү Жогорку Кеңеш ал келишимди жактырды. Азыр ага кол коюуну күтүп жатабыз. Калган 9 млн доллар Дүйнөлүк банк менен макулдашылды. Азыркы тапта медициналык каражат, коргонуу каражатын, дары-дармек алуу үчүн тендер жүргүзүлүүдө. Тендер Дүйнөлүк банктын шарттары менен өткөрүлүп жатат. Ислам өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин кароосуна 15 млн доллар алуу маселесин алып чыгуу пландалууда. Европа биримдигинен 28 млн доллар күтүп жатабыз. Германиянын өнүктүрүү банкынан (KFW) 30 млн доллар өлчөмүндө каражат алуу макулдашылды. Бул каражаттарды бизнеске жеңилдетилген насыя иретинде берүүнү Германиянын өнүктүрүү банкы менен макулдаштык. Бул сумма мурда бизнести колдоого жумшалат деп пландалган 14 млрд сомдун ичине кирет», - деди ал.

Тэги: Өкмөт үйү маалымат жыйын брифинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть