Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген товар аныкталды

25.01.2021, 16:00 Акчабар
Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген товар аныкталды

Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Баткен» бажысынын кызматкерлери Баткен облусунда М.А.А аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы «Мерседес Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 25000 метр 25 жана 50 мм болгон изоляцияланбаган алюминий зымдар табылган.

Кармалган товардын жалпы наркы 540 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Тэги: бажы кызматы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть