Өлкө башчы авариялык абалдагы мектептерди бюджеттик каражаттарга оңдоону тапшырды

29.07.2020, 11:00 Акчабар
Өлкө башчы авариялык абалдагы мектептерди бюджеттик каражаттарга оңдоону тапшырды

27-июлда КР президенти Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуу учурунда өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал жана коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды.

Өлкө башчы медицина кызматкерлерин коргонуу каражаттары, жабдыктар жана тамак-аш менен камсыздоодо кетирилип жаткан кемчиликтерди жоюууну ылдамдатууга көңүл бурду. Ал ошондой эле кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө өз убагында компенсация төлөп берүүнүн, ошондой эле эл аралык гуманитардык жардамдын региондорго тең бөлүштүрүүнүн, маалыматтарды санариптештирүүнүн, аймактарды дары-каражаттары жана медицина жасалгалары менен камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков бюджеттик каражаттардын алдыңкы кезектеги долбоорлорго - эски оооруканаларды жана мектептерди оңдоп түздөөгө, райондук борборлордо жолдорду курууга жумшоо муктаждыгын белгиледи.

Ирригация системаларын куруу жана реабилитациялоо, санариптештирүү, калкты таза суу менен камсыздоо, Патрулдук милициясын реформалоо боюнча долоорлорун улантуу керектигин эске салды.

Тэги: президент тапшырма

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть