Онлайн окутуу үчүн окуу жайларга атайын сунуштамалар иштелип чыкты

18.08.2020, 10:10 Акчабар
Онлайн окутуу үчүн окуу жайларга атайын сунуштамалар иштелип чыкты

Кыргызстандагы жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын администрациясы, окутуучулары жана студенттер үчүн онлайн окутуу мезгилинде ар тараптуу көмөк көрсөтүү боюнча атайын сунуштамалар жана нускамалар иштелип чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинини басма сөз кызматы билдирет.

Министрдин орун басары Нурлан Өмүров окуу жайлардын жетекчилиги менен онлайн жыйын өткөрүп, COVID-19 пандемия шартында онлайн окутууну ишке ашырууга шарт түзүү максатында түзүлгөн Консультативдик кеңеш тарабынан иштелип чыккан сунуш жана кеңештерди тааныштырды.

Консультативдик кеңеш 3 багытта иш алып барды.

Биринчи топ пандемия шартында онлайн окутууну ишке ашыруу үчүн окуу жайлардын уюштуруу иштерине байланыштуу маселелерди чечүүгө багытталган кеңештерди иштеп чыкты. Ал кеңештер укуктук маселелерге, финансылык аспектилерге, санитардык-гигиеналык нормаларга, санариптик инфраструктуранын камсыз болушуна, ачык ресурстардын ачылышына, ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө, санариптик жана билим технологиялары маселелерине арналат.

Экинчи топ окутуучулардын, көмөк көрсөтчү жардамчы кызматкерлердин жана администрациянын потенциалын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыкты. Топ онлайн режиминде билим берүүнү уюштуруу боюнча окутуучулар үчүн усулдук колдонмолорду иштеп чыгууда. Ал окутуучуларга онлайн билим берүүнүн негизги билимдерин жана методологиясын бекемдөөгө, онлайн курстарды жана тапшырмаларды иштеп чыгууда көндүмдөрдү өркүндөтүүгө, студенттер менен натыйжалуу ишти уюштурууга, санариптик технологияларды колдонууга жардам берет.

Үчүнчү топ студенттерди онлайн режиминде билим берүү процессине даярдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгышты. Иштелип чыккан практикалык колдонмо студенттер үчүн (айрыкча 1-курс студенттери үчүн) онлайн режиминде пайдалуу практикалык курал болуп калат. Студенттерге жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде дистанциялык билим берүү түшүнүгү берилет. Мындан сырткары окутуу аянтчаларын колдонуу боюнча, өз алдынча иштөөгө даярдык көрүү, билим берүү уюмунун ар кандай ресурстарын пайдалануу боюнча практикалык көрсөтмөлөр берилет.

Алдыңкы университеттердин колдоосу менен бардык типтеги окуу жайлардын окутуучулар курамын камтыган вебинарлар уюштурулат жана өткөрүлөт. Окутуу программасы мугалимдердин санарип сабаттуулугун жогорулатууга, аралыктан билим берүүдө ар кандай интерактивдүү технологияларды колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталат.

Тэги: окуу жай онлайн окуу программа сунуштама

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть