ЕАЭБ боюнча өнөр жай продукцияларынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары 8.3 пайызга азайган

29.07.2020, 09:30 Акчабар
ЕАЭБ боюнча өнөр жай продукцияларынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары 8.3 пайызга азайган

2020-жылдын июнь айында былтыркы жылга салыштырмалуу Евразия экономикалык биримдиги боюнча өнөр жай продукцияларынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары 8.3 пайызга төмөндөгөн. Бул тууралуу ЕЭК билдириет.

Төмөндөө Казакстанда баалар 20.2 ал эми Орусияда 8.3 пайызга азайгандыгы менен шартталган. Июнь айына карата өнөр жай продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баасынын Кыргызстандагы гана индексинин төмөндөөсү 3.3 пайызды көрсөткөн.

Баалардын төмөндөөсүнө эң көп таасирин тоо-кен тармагы тийгизген, ал Казакстанда 37.9 пайызга, Орусияда 28.1 пайызга, Арменияда 4.3 пайызга азайган. Ал эми Кыргызстан менен Беларуста тескеринче өсүү байкалып, ал 15.5 жана 5 пайызды түзгөн.

Тэги: ЕАЭБ өнөр жай продукциялары баалар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть