Нарындагы тез курулуучу ооруканасынын курулуш иштери 55 пайызга бүткөрүлдү

02.10.2020, 16:00 Акчабар
Нарындагы тез курулуучу ооруканасынын курулуш иштери 55 пайызга бүткөрүлдү

Нарын шаарындагы тез курулуучу ооруканасынын курулуш иштери 55 пайызга бүткөрүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Оорукананын курулушу август айында башталган. Ал эми медициналык мекеме 70 орунга эсептелген. Курулуш башталгандан бери 45 млн сом акча каражаты каржыланды.

Подряддык уюм тарабынан жумуш жүргүзүлүп, оорукананын пайдубалы, гидроизоляциясы жана полду бетондоо жумуштары бүтүрүлдү. Андан сырткары, откананын калка тосмосу орнотулуп бүттү. Азыркы учурда дубалын пеноблок менен тургузуу, чатырын орнотуу, терезенин кашектерин орнотуу, дубалды сыртынан жылуулоо, суу түтүктөрүн орнотуу жумуштары аткарылууда.

Тэги: республикалык штаб Нарын шаары оорукана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть