«Оптима Банктын» бир катар комитеттерине жаңы мүчөлөр дайындалды

06.04.2021, 17:00 Акчабар
«Оптима Банктын» бир катар комитеттерине жаңы мүчөлөр дайындалды

«Оптима Банктын» 2-апрелдеги директорлор кеңешинин чечимине ылайык, Бакырдин Сартказиев директорлор кеңешинин өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Директорлор кеңешинин төрагасында эч кандай кадрдык өзгөрүүлөр болгон жок, Айбек Кайып өз кызмат ордунда, - деп билдиришти банктан.

Белгилей кетсек, банктын үч комитетине мүчөлөр дайындалды. Банктын аудит боюнча комитетине:

  • Айбек Кайып;
  • Гулнар Пазылова;
  • Бакыт Шамырканов (комитеттин өкүлү) дайындалышты.

«Оптима Банктын» тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин өкүлү болуп:

  • Рустем Хамзин;
  • Бакыт Шамырканов;
  • Гулнар Пазылова (комитеттин өкүлү) дайындалышты.

Банктын кызматка көрсөтүү жана сый акы төлөө комитетине:

  • Айбек Кайып;
  • Рустем Хамзин;
  • Гулнар Пазыловалар дайындалышты.

Тэги: Оптима Банк кадрдык өзгөрүү комитет директорлор кеңеши Айбек Кайып Бакырдин Сартказиев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть