Оренбургдан 43 автобус менен кыргызстандыктар мекенине келди

07.08.2020, 11:30 Акчабар
Оренбургдан 43 автобус менен кыргызстандыктар мекенине келди

Бүгүн, 7-августта Орусиянын Оренбург жана Соль-Илецк шаарларынан, ошондой эле Бузулук районунан 43 автобус менен 2 миң 456 Кыргыз жараны мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Орусиядан Кыргыз жарандарын кайтарып келүү президенттин жана өкмөттүн тапшырмаларын аткаруу үчүн, Казакстан тараптан, алардын аймагы аркылуу өткөн транзиттик коридордун жардамы менен иштелип чыккан.

Тышкы иштер министрлиги коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу чет элдик жарандарга Казакстанга кирүү чектелгенин эске салат. Орусиянын аймагындагы Кыргыз жарандарын Орусия-Казакстан мамлекеттик чек арасына расмий ачылганга чейин барбоого чакырат.

Ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын чечими менен Орусия-Казакстан мамлекеттик чек арасында мекендештердин кезектеги топтолушун болтурбоо үчүн Кыргыз өлкөсүнө Москва-Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан туруктуу негизде уча турган чартердик каттамдардын саны көбөйтүлгөн.

Тэги: Оренбург-Бишкек пандемия кыргыз-казак чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть