Орусия менен Тажикстан ортосунда ырааттуу аба каттамдары жандана элек

30.10.2020, 14:56 Акчабар
Орусия менен Тажикстан ортосунда ырааттуу аба каттамдары жандана элек

Бүгүн, 30-октябрда Орусия шаарларынан Тажикстанга алты чартердик каттам уюштурулат.

Расмий түрдө бекитилген график боюнча үч учак Москвадан, калгандары Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Уфадан чыгат.

31-октябрда Москвадан үч, Красноярсктан бир чартердик каттам аткарылат. Баары Орусия менен макулдашылган. Азырынча эки өлкө ортосунда ырааттуу аба каттамдары качан жанданары белгисиз.

Тажикстан Орусия менен аба байланышын жандандырууга даяр экенин июлда эле кабарлап, Москвага кат жөнөткөн.

Эки өлкө ортосундагы аба каттамдары мартта коронавирус коркунучунан улам токтотулган. Соңку учурда Орусиядагы тажикстандыктар мекенине чартердик каттамдар менен гана келишүүдө. Тажикстан бийлиги маалымдагандай, апрелден октябрга чейин жеке каттамдар менен Тажикстанга 70 миңден ашуун жаран келди.

Тэги: авиакаттам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть