2020-жылдын I кварталында Россиядан Тажикстанга 103 млн $ аз акча которулду

18.06.2020, 16:00 Акчабар
2020-жылдын I кварталында Россиядан Тажикстанга 103 млн $ аз акча которулду

Россиянын Борбордук банкы 2020-жылдын алгачкы үч айында тажикстандык эмгек мигранттары мекенине 359 миллион доллар жөнөткөнүн билдирди. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 103 миллион долларга же 22,3% аз.

Россияда марттын ортосунда обочолонуу режими киргизилип, мигранттар бул айдын акыркы эки жумасында гана жумушсуз отурушкан.

Өткөн жылы Россиядагы тажикстандык эмгек мигранттар мекенине 2 миллиард 576 миллион доллар которушкан. Бул болжол менен өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн үчтөн бирин түзөт.

Тажикстандын Экономика министрлигинин өкүлү Шавкат Валиев Россиядан которулган акчанын азайышы эмгек мигранттарынын жеке бюджетине гана таасирин тийгизерин, «азыр өлкө экономикасы 2008-жылдагы кризистегидей акча которууларга анча көз каранды эмес экенин» билдирди.

Бирок жергиликтүү экономисттер акча которуулар тажик үй-бүлөлөрүнүн 80% негизги киреше булагы болуп эсептелерин билдиришүүдө.

Тэги: Россия Борбордук банк тажикстандык эмгек мигранттар доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть