Ош: 17 адамды ит тиштеди, эки өспүрүмдүн абалы оор

21.09.2021, 12:45 Акчабар
Ош: 17 адамды ит тиштеди, эки өспүрүмдүн абалы оор

Ош шаарынын "Туран" кичи районундагы 13 тургунду 19-сентябрь күнү ит тиштеп кеткен. Алардын ичинен экөө чоң адамдар болсо, калгандары мектеп жашындагы окуучулар. Өспүрүмдөрдүн арасынан экөөнүн абалы оор болуп, облустук балдар ооруканасына жөнөтүлгөн. Ал эми калгандары амбулатордук режимде дарыланууда. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын травмотология бөлүмүнөн маалым болгондой, учурда алардын абалы орто.

Окуянын эртеси, 20-сентябрь күнү да төрт жаш баланы "Черемушки" кичи районунда ит талаган. Алардын да абалы учурда канаттандыраарлык экени айтылууда.

Шаардык клиникалык ооруканасынын дарыгерлери жашоочуларды ит каап алгандыгы боюнча Ош шаардык санитардык эпидемиологиялык кызматка маалымдашкан. Иттин кутургандыгы боюнча ветеринардык кызмат тарабынан тактоо жүргүзүлөөрү айтылды.

Оштогу санитардык эпидемиологиялык борбордун маамыматына ылайык, былтыркы жылы шаарда 240 адамды ит тиштеп алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анын тең жарымы 14 жашка чейинки өспүрүмдөр болгон. Быйылкы жылга карата мындай 196 учур катталган. Бирок иттердин кутурма менен ооругандыгы аныктала элек

Тэги: ит кутурма балдар оорукана Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть