Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери 20 миң сом пара менен кармалды

04.03.2022, 10:30 Акчабар
Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери 20 миң сом пара менен кармалды

Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери опузалап пара талап кылуу фактысы менен кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, Б.Т.А. аттуу жаран 20 миң сом акча алып жаткан жеринен колго түштү.

Маалыматка ылайык, ал ишкерден маселесин оң жагына чечип берүү үчүн пара талап кылган. Натыйжада, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тэги: Пара милиция кылмыш УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть