Ош облусу боюнча жумушсуздардын саны 24 миңден ашты

02.08.2021, 18:00 Акчабар
Ош облусу боюнча жумушсуздардын саны 24 миңден ашты

Ушул жылдын июль айына чейин иш издеп кезекте турган жумушсуздардын саны Ош облусу боюнча 24 миң 86 адамды түздү. Бул тууралуу облустук жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин аларда 20 миң 78 жумушсуз адам расмий катталган болчу.

Ал эми 2021-жылдын июнь айына карата 62 адам жумушка орноштурулган.

Расмий түрдө таанылган жумушсуздардын деңгээли экономикалык жактан активдүү калкка карата 3,2 % түздү. Ушул жылдын январынан тарта Ош облусу боюнча 2 миң 854 адамга жаңы жумуш орундары түзүлгөн. Бул көрсөткүч 2020-жылга салыштырганда 3,1 пайызга өсүп, жумуш орду 88 адамга көбөйгөн.

Тэги: жумушсуздар Ош облусу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть