Ош шаарында санитардык талаптарды аткарбаган объектилерге жалпы суммасы 453,5 миң сомго айыппул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев билдирди.
Анын айтымында, шаарда 7 мобилдик топ мекеме-уюмдардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө.
«Текшерүүнүн жыйынтыгында 1 миң 233 объектке жалпы суммасы 453 миң 500 сомго айыппул салынды. Эскертүүлөргө баш ийбеген ишканалар убактылуу жабылат», - деди Турдуев.