Ош шаарында абал курчуп кетсе коомдук транспорттордун каттамы токтотулат

26.05.2020, 14:00 Акчабар
Ош шаарында абал курчуп кетсе коомдук транспорттордун каттамы токтотулат

Ош шаарында абал курчуп кетсе коомдук транспорттордун каттамы токтотулат. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында эки айдан бери өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жана карантин режими орногон.

«Талаптар жеңилдеп келе жатат. Анын катарында коомдук унааларга 25-майдан баштап уруксат берилди. Коомдук транспорттордо 60 пайыз гана жүргүнчү жана шахматтык негизде отургузуу керектелет. Бүгүнкү күндө айдоочуларга милдеттенмелерди берип жатабыз. Тийиштүү кызматтар текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Эгер эпидемиологиялык абал өзгөрө турган болсо коомдук унаалардын иштөөсүн токтотубуз», — деди Ош шаарынын биринчи вице-мэри.

Тэги: транспорт Ош шаары Саибжан Турдуев брифинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть