Бүгүн Ош шаарындагы базарлар иштебейт

29.06.2020, 10:00 Акчабар
Бүгүн Ош шаарындагы базарлар иштебейт

Бүгүн, 29-июнда Ош шаарындагы базарлар иштебейт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Мэриянын маалыматына таянсак, дүйшөмбү күндөрү дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери өлкөнүн бардык аймагында күн сайын аткарылып келүүдө.

Дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге: дүкөн, банк, базар, дарыкана жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Тэги: Ош шаары\ базар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть