Ош шаарынын 2020-жылга карата бюджети коомдук угууда талкууланды

24.01.2020, 13:00 Акчабар
Ош шаарынын 2020-жылга карата бюджети коомдук угууда талкууланды

Күн мурун Ош шаарынын 2020-жылга карата бюджети коомдук угууда талкууланды. Бул тууралуу «Кабар» маалымат сайты билдирди.

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Акбарали Батыров, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, бей өкмөт уюмдардын, ММК өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Коомдук угууда Акбарали Батыров Ош шаарынын 2020-жылга бюджети, 2021-2022-жылдарга болжолу тууралуу маалымат берди.

Ал эми шаар тургундары комиссиясынын мүчөлөрүнө оозеки жана жазуу түрүндө сунуш пикирлерин, суроолорун беришти. Коомчулуктан келген суроо, сунуш-пикирлер Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында эске алынаары айтылды.

Тэги: Ош шаары бюджет коомдук угуу талкуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть