Ош шаары менен Андижан облусу туризм тармагындагы кызматташтыкты арттырат

21.04.2022, 09:56 Акчабар
Ош шаары менен Андижан облусу туризм тармагындагы кызматташтыкты арттырат

Ош шаарынын мэриясы менен Андижан облусунун туризм жана маданий мурастар башкы башкармалыгынын ортосунда туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу Ош мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай меморандумга кол коюуга Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев Андижан облусунун губернаторунун орун басары А.Максумов менен болгон жолугушуу учурунда жетишилди.

“Андан кийин Ош шаарындагы туроператорлордун өкүлдөрү өздөрүнүн ишканаларынын тур продуктыларын презентациялады. Тегерек столдо Андижан облусунан келген туристтик фирмалардын өкүлдөрү да сөз сүйлөп, жергиликтүү туристтердин Ош шаарына келүүгө кызыгуусун билдиришип, бирок “Достук” өткөрүү пунктунан өтүүдөгү айрым көйгөйлөрдү айтышты. Андан соң эки тараптын туроператорлорунун өкүлдөрү мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулап, анын жыйынтыгында кызматташуу боюнча 7 келишимге кол коюлду”,- деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Исаев баштаган делегация Өзбекстандын Андижан облусуна жасалган иш сапар 2022-2023-жылдарга Ош шаары менен Андижан облусунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча “Жол картасынын” 2-4-пунктун аткаруу максатын көздөйт.

Тэги: Андижан облусу туризм туроператорлор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть