Ош шаарында эки күндө төрт миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү

15.07.2021, 15:00 Акчабар
Ош шаарында эки күндө төрт миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү

Ош шаарындагы убактылуу ачылган эмдөө пунктарында 13-июлдан тарта бүгүнкү күнгө чейин 4182 адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу “Акчабарга” Ош шардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчисинин орун басары Жанара Токсонбаева билдирди.

Дарыгердин айтымында шаар тургундарына эмдөөнүн зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай уланууда.


“Өз каалоосу менен келип эмдөөдөн өтүп жаткандардын саны көп эле. Ошондой болсо да, биз, вируска каршы эмдөөнүн маанилүү экендигин айтып, түшүндүрүү иштерин улантып жатабыз. Анан дагы айта кетчү жагдай, өнөкөн оорусу барлар эмканаларга келип дарыгерден кеңеш алса болот. Бизге келгендерди биринчи дарыгер текшерип, анан эмдөө жүргүзүлөт”, - деди Токсонбаева.


Эске салсак, Кытайдын “Синофарм” вакцинасынын 110 миң дозасы Ош шаарына 11-июль күнү келген. Ал эми массалык эмдөө шаардагы дүкөн, базарларда, мектеп имараттарында бардыгы болуп 47 пунктта 13-июлда башталган.

Тэги: вакцина ковид Ош эмдөө

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть