Мамлекеттик материалдык резерв фондунан Ош шаарына 130 тонна ун жеткирилди

06.04.2020, 09:15 Акчабар
Мамлекеттик материалдык резерв фондунан Ош шаарына 130 тонна ун жеткирилди

КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Ош шаарына 130 тонна (2600 кап) ун бөлүнүп, атайын түзүлгөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссиясы тарабынан бөлүштүрүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-апрелде жардамдын алгачкы партиясы - 50 тонна ун шаардагы 605 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана 395 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таркатылууда. Ош шаарынын мэри жардамдын берилишин көзөмөлгө алып, биринчи бөлүгөндө 1000 (миң) үй-бүлөгө берилээрин билдирди.

«1000 кап ун бөлүштүрүлүп берилди. Калган 80 тонна ун дагы аярлуу муктаж болгон үй-бүлөлөргө таркатылып берилет. Ошондой эле, демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүү үчүн мэрияда атайын эсеп ачылган. Бул эсепке мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар, жеке ишкерлер салымдарын кошуп жатат. Бүгүнкү күндө бул эсепке 3 млн. сомдон ашык акча каражаты түшкөн. Мындан сырткары, шаардын ишкерлери, активдүү жарандары, кайрымдуулук фонддору аркылуу жардамдар көрсөтүлүп жатат. Анын ичинен 46,4 тонна ун, 1 тонна макарон, 1,8 тонна өсүмдүк майы, жарым тонна күрүч, аз камсыз болгон жарандарга жеткирилди. Ал эми, медициналык жана милиция кызматкерлерине, санитардык-карантиндик посттордо тургандарга медициналык каражаттар берилип, ысык тамак-аш менен үзгүлтүксүз камсыз болууда», - деди Т.Сарыбашов.

Тэги: Ун Ош

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть